• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сокулукта каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды

20 Бугу 2022 15:12 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын апрель айында Сокулк районунун ички иштер бөлүмүнө бир нече жаран Сонбүбү аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал WhatsApp аркылуу «Алмаз-Авто», «Алмаз», «Азык түлүк» аттуу топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтышкан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде (Финансы пирамидаларын уюштуруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1971-жылы туулган А.К. кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, бул аял WhatsApp аркылуу топторду түзүү адамдарды тартуу менен алардан акча алып жүргөн. Ошол эле учурда ал бул топторго катталып, акча төлөгөн жарандар артынан дагы адам алып келсе ошого жараша 1200 АКШ долларына чейин акча алышаарын билдирген. Бул иш боюнча бүгүнкү күндө ички иштер органдарына 13 жаран кайрылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.»,-деп айтылат маалыматта.

Сокулук районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 60 75 67, 03134 5 33 80, 0509 0980 08, 0704 04 40 15, 102.

Количество просмотров: 329