• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кашкар кылмыштарды ачтым дейт. Чынбы?

24 Тогуздун айы 2018 18:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.10.2018.Govori.TV.
Акыркы мезгилде коом укук коргоо органдарына болгон ишеничи анча чоң эместиги белгилүү. Ал эми бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев коомдо резонанс жараткан оор кылмыштардын бетин ачууга көп көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
9 ай ичинде 100гө чукул оор кылмыштар жасалып 69 кишиден турган 25 кылмыштуу топ кармалып, быйыл коомдо резонанс жараткан кылмыш иштери толугу менен бети ачылгандыгы белгилүү болду. Атай кетсек, Улан Саляновдун өз үйүндө киши колдуу болуусу, коомдо чоң талкуу жараткан Бурулайдын милициянын имаратында бычакталуусу, Көк-Жар айылында орун алган  Абдышүкүр ажы Нарматовдун уулуна карата жасалган каракчылык фактысы, Ленин айылында жайгашкан «Сталбек» акча алмаштыруу жайына карата жасалган каракчылык фактылары ачылып, кылмышка шектүүлөр жана уюштургандар камакка алынып тергөө иш чаралары жүрүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар тарабынан дагы 21 оор кылмыш жасашкандыктары далилденген.
Бети ачылганы ачылды делип, бирок ал иштердин сотко өткөндөн кийинкиси суроо жаратпай койбойт. Иштер ачылды деген менен күнөөлүүлөр тийиштуу жаза алышуудабы бул ойлондураарлык жагдай.

Количество просмотров: 29