Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Ирина Карамушкинага жооп берди.
«Эгер Кой-Таштагы окуядан кийин сиздин телефонуңузду тартып алса, Өктөм эженин баласы өлдү. Неберелери атасыз калды. Самат Курманкулов эми өзүнө келип жатат. Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз», — деди Касымалиева.
Белгилей кетсек, Ирина Карамушкина президентке кайрылып укук коргоо органдары жарандардын укугун бузуп жаткандыгын айткан, андан сырткары, Кой-Таш окуясынан кийин анын телефонун милиция тартып алып, ушул кезге чейин бере электигин билдирген.