• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Касымалиева мамлекеттик цирктеги коррупциялык иштерди карап чыгуу керектигин айтты

27 Жетинин айы 2018 10:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жамаатынын кайрылуусу боюнча депутат Аида Касымалиева айтып чыкты.
Эл өкүлү цирктин директору Курмангазы Исанаевдин коррупциялык иштери боюнча эмгек жамааты тарабынан байма-бай арыздар түшүп жатканын билдирди.
«Цирктеги коррупциялык иштер боюнча буга чейин иштеген депутаттар да комиссия түзгөн. Мындан тышкары текшерүүлөр болгон. Бирок 5-6 жылдан бери цирктеги ызы-чуу токтогон жок. Биздин комитет саясий эрк менен ушул маселени бир жактуу кылып, чекит коёт деген ишеним бар», — деди депутат.
Касымалиева цирктеги абал өтө начар экени кайрылуулардын негизинде эле билинип жатканын кошумчалап, мындан тышкары тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө цирктин абалы менен таанышып, жыйынтык чыгаруусун тапшырды.
Количество просмотров: 39