• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казак бийлиги Кытайга каршы митингдерди «чагым» деп атады

6 Аяк оона 2019 18:09 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коомдук ишеним кеңешинин жыйынында геосаясатта Казакстанды «дестабилдештирүү» аракети жүрүп жатканын айтты.

Казак лидери өлкөдөгү Кытайга каршы нааразылыктар боюнча пикирин билдирди. Ушул жумада Казакстандын бир нече шаарларында кытай-казак биргелешкен долбоорлорунун ишке ашуусуна каршы митингдер өткөн.

Токаев Кытай менен биргелешкен «55 инвестициалык долбоор» жөнүндө такталбаган маалыматтар тараганын, казак жерлеринин чет өлкөлүктөргө сатылышы жалган экенин айтты:

– Айың кептер кандайдыр бир максатка жетүү үчүн элдин патриоттук маанайын, анын ичинде эмоционалдуу кишилерди оңой манипуляциялаган ою бузуктардан чыгып жатат. Мындай манипуляция геосаясаттын бир бөлүгү экенин унутпоо керек. Алардын максаты – элдин биримдигин бузуу жана Казакстандагы абалды туруксуздашыруу.

2-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарында жүздөгөн кишилер акимчилик имаратынын алдына чогулуп, агрокомплекс жана өнөр жай тармагында кытай-казак биргелешкен 55 ишкананын курулушуна каршы чыгышкан. Алар президент Касым-Жомарт Токаевден 11-12-сентярда Кытайга пландалган сапарынан баш тартууну талап кылышкан. Каршылык акциялары 3-4-сентябрда да уланган.

Казак бийлиги болсо Кытай менен биргеликте жогорку технологиялык өндүрүшкө багытталган долбоорлор иштеп жатканын, жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн ырастоодо. Казак өкмөтүнүн билдиришинче, 55 долбоордун ичинен 3,9 миллиард долларга тете 15 долбоор жүзөгө ашты.

Количество просмотров: 41