• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакбаев: Саймаитинин өлүмүн парламентте талкуулаш керек

13 Жетинин айы 2019 12:07 Бишкек Govori.TV

Депутат Руслан Казакбаев Түркияда Саймаитинин өлтүрүлүп кетиши биздин Кыргызстандын ички жана тышкы күчтөрүндө маселе бар экенинен кабар берет деген пикирин айтты.

Биз бул маселени парламентте талкуулаш керектигин сунуштадык. Карап чыгабыз. Бул кырдаал дыкат иликтенип чыгышына көзөмөл кылуу керек, — деди депутат.

Эске салсак, ишкер Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 194