Казакстандын көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймаштарга чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.
Анын айтымында казак тарап биздин эреже менен өткөргүлө деген пикир келишпестиктер болгон. Бирок, азыр баары чечилди. Эртең, 5-сентябрда оюнга чыгышат деди- Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймашка катышпай турганы айтылган. Казактар 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген эмес.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …