• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Казакстандык улакчылар Өзбекстанга эмнеге утулуп калган? Бул жерден окуңуз…

7 Аяк оона 201817:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV.
Казакстандын командасы Көчмөндөр оюндарына экинчи курамдагы улакчыларын сыноо үчүн алып келгендиктен, жарым финалда Өзбекстанга утулуп калды. Бул туурасында Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти Ерлен Оспанов маалымдаганын  Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.
Ал экинчи курам экенине карабай өлкөсүнө коло медаль менен кайтууга үмүттөнүп турушканын айтат.
«Биринчиден, ушул оюнга катышып жакшы өнөрүн көрсөткөн жаш балбандарга чоң рахмат! Жаш команда чыйралсын деп чоң мелдешке чыгаруу спортто колдонулуп келген тажрыйба. Андыктан быйылкы жарышка жаштарды чыгарып мыктылыгын байкоону максат кылганбыз. Бул орундалды. Экинчиден, алар башка жарыштарга катышып жүрүп, толук кандуу даярдана албай калган», — деди Оспанов.
Ошондой эле ал командасы атайын жеңилип берди деген пикирлерди четке какты.
«Кандай оюн болгонун өзүңөр көрдүңөр. Финалда Кыргызстан менен Казакстандын беттештерин бир эле мен эмес элдин баары күткөн. Атайын жеңилип берди деген туура эмес. Өзбекстан командасы катуу даярдык менен келиптир. Бул акыркы эмес, алдыда дагы көп мелдештер күтүп турат. Минген аттарыбыз боюнча маселе жок, дурустап беришти. Ал эми Талас Бегалиев балдар бараткан маршрутканы токтотуп кирип келгени туура эмес кадам болду. Аны ошол жердеги милиционерлерди чакырганыбызда алып кеткен», — деди федерация президенти.
Эске салсак, социалдык тармактарга Талас Бегалиевдин казакстандык көк бөрүчүлөр отурган маршруткага кирип келип, жеткиликтүү ойнобой койдуңар деп намыстарына тие, нааразы болуп жаткан видеосу тараган.

 

https://www.facebook.com/samatjuma/videos/vb.100000222958896/2367721586578583/?type=2&video_source=user_video_tab

 

 

 

Количество просмотров: 50