Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Акордонун сайтында Казакстандын жаңы президентинин өмүр баяны жарык көрдү. Ага байланыштуу казак ЖМКлары Касым-Жомарт Токаев бойдок экендигин жарыялашты. Расмий сайтта Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин 20-мартта кызматка киришкен Токаевдин өмүр баяны жарык көргөн. Анда ата-энеси, билими, кызыгуусу жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар камтылган.

Касым-Жомарт Токаевдин аялы тууралуу буга чейин деле көп маалыматтар чыккан эмес. Анын аты-жөнү Токаева Надежда Давыдовна, Нижний Тагилде туулгандыгы тууралуу гана маалыматтар бар.

Касым-Жомарт Токаевдин уулу Тимур 1984-жылытуулган. Айрым маалыматтарга караганда ал бир нече жыл нефти тармагында иштеп, «Аби Петролеум Капитал» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. 2008-жылы чоң атасы Кемел Токаевдин атындагы кайрымдуулук фондун ачкан. Бир жылдан кийин саясат таануу боюнча диссертациясын жактаган.
Касым-Жомарт Токаев эл аралык мамилелерге байланыштуу маселелер жаатындагы 10 чакты китептин автору. Спорт менен машыгып, көркөм саясий жана мемуар жаатындагы адабияттарды кызыгып окуйт.
Эске салсак, кечээ Кыргызстанга иш сапары менен келип кеткен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин дагы бойдок. Ал Людмила Путина менен 1983-жылы үйлөнүп 2014-жылы расмий түрдө ажырашкан.
