Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коопсуздук кеңещинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун УКМК тууралуу айткандары боюнча жооп кайтарды.
«УКМК бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга мурдагыдан да зарыл деп эсептейт, анткени бул коомчулуктун кызыкчылыгында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтын жеткиликтүү ыкмасы. Бул жагынан алганда УКМК Масадыковдун берген мындай кеңештерине муктаж эмес. УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот. Өз кезегинде УКМК Масадыковду Конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Масадыков ЖМКлардын бирине курган маегинде УКМКнын иши боюнча Камчыбек Ташиевге айрым кеңештерди берүүгө даяр экенин айткан.