27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров кайра сот залынан чыгарылды.
Судья Марат Сыдыков тартипти бузду деген негиз менен Азимбек Бекназаровду залдан чыгарып, отурумду саясатчынын катышуусуз улантууну чечти. Судья 20-декабрдагы жараянда да ушундай эле чечим кабыл алган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.