4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму болду. Сот отурумунда айпталуучулар “Кемпир-Абад” ишин карап жаткан үч сотко каршылыгын билдирип, ишти башка сот карасын деген жүйөөнү келтиришти. Бирок, сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталган. Кемпир-Абада иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.