Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абылов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Абыловдун айтымында, сот анын баш коргоо чарасын эки айга өзгөрттү.
«Сот ден соолукка байланыштуу баш коргоо чараны өзгөртүп, үй камагына чыгарды», — деди Мамбетжунус Абылов.
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат.
Эске салсак, 30га жакын саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.