Кепшн видео: 1-январда илинген туу мыйзамдуу деп кабарланганы менен аянттагы желек кайра алмашты
Кепшн видео: 1-январда илинген туу мыйзамдуу деп кабарланганы менен аянттагы желек кайра алмашты
8 Үчтүн айы 2024 13:49 Бишкек Govori.TV
Бүгүн Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Ага саналуу гана ЖМКлар чакырылган.
Бул жолу парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон дизайндагы желек илинди.
Буга чейин 1-январь күнү таң эрте борбордук аянтка жаңы желек илингени белгилүү болгон.
Бирок ал Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желектен айырмаланган. Анда күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.
Түнү менен алмаштырылган желекти ЖК депутаттары да сындап чыгышты.
Мамлекеттик мекемелердин ичинен жалгыз гана Чүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илген.
Бул арада соцтүйүндүн колдонуучулары туудагы күн нурларынын саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыгышты.
Сын-пикирлерден кийин аянттагы жаңы желек эл жокто түшүрүлүп, нурлары кайра саналган.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Орунбеков Министрлер кабинети туунун акыркы вариантын толуктап, токтом менен бекиткенин билдирди.
Ал эми президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы туудагы нурлардын саны тууралуу «жалган маалымат» тараткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу керектигин жазган.
Мындан көп өтпөй илинген жаңы желекти сындаган жарандар сурак берип чыкканы айтылды.
1-январда илинген туу туура жана мыйзамдуу деп кабарланганы менен борбордук аянттагы туу кайра алмашты.
Мындан улам «катачылык каяктан кетти жана жоопкерчилик кимде?» деген суроо жаралат.