Кепшн видео: Футбол ойноп, лыжа тебет. Садыр Жапаров тууралуу 10 факты
Кепшн видео: Футбол ойноп, лыжа тебет. Садыр Жапаров тууралуу 10 факты
6 Бештин айы 2023 17:18 Бишкек Govori.TV
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү, ал 55 жашка чыкты.
Борбор Азия лидерлери Жапаровду туулган күнү менен куттукташууда.
Мамлекет башчы Ысык-Көлдүн кулуну, 11 бир тууган. Төрт баланын атасы.
Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.
Жапаров футбол ойногонду, лыжа тепкенди жана сууда сүзгөндү жактырат.
Ошондой эле, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат.
Эки ирет ЖК депутаты болгон, «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселесин көтөрүп келген.
2013-жылы Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деген кине менен 10 жылга кесилген. Кийин чет өлкөгө чыгып кетип, 2017-жылы Кыргызстанга кайтары менен камалган.
2017-жылы Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Жапаров кекиртегин жана колунун кан тамырын кесүүгө аракеттенген.
Абакта жатып үч жакын адамынан айрылган.
2020-жылдын 5-6-октябрындагы толкундоодон көп өтпөй, Садыр Жапаров абактан чыгып такка отурган.