• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кепшн видео: Кайран кыргыз. Насыя алып төлөй албагандардын көйгөйү

15 Чын куран 2021 17:03 Бишкек Govori.TV
  • Чүйдүн Пригородный айылында 10дон ашык аял өзүн-өзү өрттөөгө камынууда.
  • Алар бүгүн таңга жуук айыл өкмөттүн имаратына бекинип алышкан.
  • Бөтөлкөлөргө куюлган бензин, газ баллонун дагы алып киришкен.
  • Аялдар насыяларын төлөй албай, 3 жылдык туумдарын кечип салууну талап кылышууда.
  • Айыл өкмөттүн имараты толугу менен курчоого алынып, милиция коопсуздукка көз салып турат.
  • Имараттын ичиндеги аялдар Пригородный айылынын тургундары эмес.
  • Жеринде өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрдү.
  • Насыя төлөй албаган аялдарга Улуттук банктын өкүлү келди.
  • Өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар 8 сааттан бери имараттан чыга элек.
  • Айыл өкмөттү басып алган аялдар менен вице-премьер сүйлөшүү жүргүздү.
  • Натыйжада имараттын ичиндегилерден эки аял өкмөт башчыга жолукканы кетти.
  • 17-апрелде аларды премьер-министр Улукбек Марипов кабыл аларын айтты.
Количество просмотров: 1802