• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кепшн видео: Кыргызстанда катталган жер титирөө 6 баллга чейин жетти

23 Үчтүн айы 2024 10:54 Бишкек Govori.TV

23-январга караган түнү, саат 00:09да Кыргызстанда жер титиреди.

Министрлик маалымдагандай, айрым аймактарда жер титирөө 6 баллга жеткен.

Интернет колдонуучулар өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жер силкинүү сезилгенин жазып, видеолор менен бөлүшүштү.

Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар катуу силкинүүлөрдөн кийин көчөлөргө чыгышты.

ӨКМ жер кайра силкиниши ыктымал деген маалыматты четке какты.

Бул арада ӨКМ министри жарандарга кайрылуу жасады.

Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов жер титирөөнүн очогу Кытайда 8 балл болгонун жазды.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 209