• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кепшн видео: 54 жашка толгон президент Жапаров тууралуу фактылар…

6 Бештин айы 2022 14:46 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн 6-президенти  Садыр Жапаров бүгүн 6-декабрда 54 жашка толду.

Ал 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2013-жылы «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселесин көтөргөн.

Кийин ал чет өлкөгө  чыгып кетип, 2017-жылы Кыргызстанга кайтары менен камалган.

Ал Ысык-Көлдүн губернаторун барымтага алды деген кине менен 10 жылга кесилген.

Абакта жатканда Жапаров атасы, апасы жана уулунан айрылган.

Жапаровду абактан чыгаруу талабы айтылган митингдер өтүп, айрымдары милиция тарабынан күч менен таратылган.

2020-жылдагы октябрь окуясында Жапаров абактан чыккан.

Түрмөдөн чыккан Жапаров алгач өлкөнүн өкмөт башчысы, андан соң ажолук такка отурду.

Жапаров президент болгондогу эки жыл аралыгында Баш мыйзам өзгөрүп, президенттик башкаруу орун алды. “Кумтөр” Кыргызстанга кайтарылды. “Кустуризациянын” арты менен бир топ чиновниктерге иш козголду. Мындан тышкары активист, саясатчы, журналисттер камалды.

Количество просмотров: 228