Асылбек Жээнбеков конопля өстүрүүнү сунуштады. Депутаттын мындай сунушунун себеби, пластикалык баштыктардын экологияга алып келген чоң зыяны болду.
Айта кетсек мындай сунуш Кыргызстанда биринчи жолу айтылган жок. Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кара куурайды легализация кылууну сунуштаган. Абдыгулов мындай чечим Кыргызстанга туристтерди чакыраарын айткан.
Мындай сунуштар коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратып, балким чын эле бул багытка көңүл бурабыз? деген какшыштар айтылды.