• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кепшн видео: “Бийлик кемесинин” тышында калган революционерлер…

9 Жалган куран 2021 17:25 Бишкек Govori.TV

Октябрдагы башаламандыктардын активдүү катышуучулары жаңы бийликтин  катарына киришкен. Көп өтпөй биринин артынан бири кызматтарынан кол жууду.

Мындан улам төңкөрүлүш жасаган бирөөлөр, үзүрүн көргөн башкалар болду деген кептер айтылууда.

Вице-премьерлер  Максат Мамытканов жана Эльвира Сурабалдиева өкмөттүн курамы азайганда иштен кетишкен.

Ошондой эле өкмөттүн жаңы курамынан Маалымат жана туризм министри  Нуржигит Кадырбековду жана Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевди да көрө алган жокпуз.

Октябрдагы митингдин дагы бир катышуучусу Мелис Аспеков Жапаровдун кеңешчиси катары жандап жүргөн. Көп өтпөй ал пара талап кылууга шектелип камакка алынды.

Ал эми кечээ жакында эле “Чоң казатчы” Сыймык Жапыкеев жетектеген Финпол жоюлду. Буга өкмөт милдетин толук аткара алган жок деген жүйө келтирди.

Буларга удаа эле өкмөттүн Таластагы өкүлү Айбек Мырза кызматтан кеткени кабарланды.

Количество просмотров: 344