Кепшн видео: Генерал наамы кимдерге берилет?
17 Жалган куран 2021 16:14 Бишкек Govori.TV
- Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды берди.
- Биринчи УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант наамы берилди.
- УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Бекбосун Апсатаровго генерал-майор болду.
- Ички иштер министри Улан Ниязбеков генерал-майорлукту алды.
- ЖАМКтын төрагасы Аскат Эгембердиевге ички кызматтын генерал-майору наамы ыйгарылды.
- Ошондой эле Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев генерал-майор болду.
- Жапыкеевдин наамы соцтармактарда кызуу талкуу жаратты.
- Бул арада «аскердик наамдарды берүүнүн жол-жоболору жана шарттары бар» дегендер чыкты.
- Аскар Акаев өлкөнү башкарган 15 жыл ичинде 70ке жакын адамга генерал наамын берген.
- Ал эми Курманбек Бакиев президент болгон 5 жыл ичинде генерал наамын алгандардын саны 50гө жеткен.
- Роза Отунбаева 15 адамга генерал наамын тапшырган.
- Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болгон алты жыл ичинде 10 жетекчи генерал наамын алган.
- Сооронбай Жээнбеков үч жыл ичинде бул наамды 4 адамга берүүгө үлгүргөн.
- Жаңы президент болуп шайланган Садыр Жапаров 5 жетекчиге бул жогорку наамды берди.
Подписаться:
Количество просмотров: 534