• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: “Кумтөр” качкын президенттерди жаакташтырды

24 Бугу 2021 19:27 Бишкек Govori.TV

“Кумтөр”  маселеси Кыргызстандын качкын президенттерин жандантты.

Ага себеп “Кумтөрдү” өлкөнүн кызыкчылыгына иштебей калуусунун күнөөкөрлөрү мурунку ажолор дегени болду.

Алгач комиссияга 2005-жылы өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев жооп берди. Ал алтын кен ачылганда мамлекетти жетектеп турган.

Көп өтпөй дагы бир качкын президент “Кумтөр” тууралуу кеп козгоп, жергиликтүү маалымат каражатына маек курду.

Өлкөнүн үлкөн президенттеринин биринен-бири өтүп үн катуусу, актануусу коомдо талкуу жаратты.

Белгилей кетсек, мамкомиссиянын иликтөөсүнөн соң алтын кенге байланыштуу бир топ кылмыш иши козголгон.

УКМКнын төрагасынын айтымында кылмыш иште экс-чиновниктерден тарта азыркы аткаминерлер да бар.

Количество просмотров: 245