• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: “Ыдыкты” жазасыз калтыруу зомбулукка түрткү болобу?

14 Кулжа 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

13-июнда 30га жакын кыз ыдыкка каршы маршка чыгышты.

Алар колдоруна “ыдык – бул кылмыш” деген жазууларды кармап алышкан.

Буга себеп, жакында эле көчөдө журналист кызды бейтааныш киши жамбашка чапкан окуя болду.

Кийинчерээк  ал жигит милицияга келип кыздан кечирим сураган.

Бирок, коомдо “кааладым, чаптым” деген жигиттин жообу сынга алынды.

Ал эми соцтармакта “харассментке”  учурагандардын билдирүүлөрү арбып, буга чара көрүү керектиги айтылды.

Ыдыкка кабылгандардын дээрлик көпчүлүгү аны коомчулукка айтып чыгуудан жазганышат.

Себеби, жаралган жагдайда өзү күнөөкөр болуп каламбы деп коркушат.

Статистикага ылайык, өлкөдө аялдардын 83% психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бирок, көпчүлүгү укук коргоо органдарына эч кайрылышкан эмес.

Количество просмотров: 119