1-октябрь Эл аралык карылар күнү.
Бул күндү 1990-жылы БУУ расмий майрамдардын катарына киргизген.
Майрамды утурлай 50 жылдан ашык чоогу жашаган жубайларга Бишкектеги Бакыт өргөсүндө нике салтанаты уюштурулду.
Салтанатка өлкөнүн ар аймагынан келген 8 жуп катышты. Алар нике каттоочу китептерге кол коюп, нике шакектери менен алмашышты.
Карылар күнүн белгилөөнүн максаты — улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүл буруу.
Кыргызстандын калкынын 8% улгайган адамдар түзөт.
Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашта, ал эми эркектер 63 жашынан чыга алат.
Өлкөдө пенсионерлердин жашоо минимуму – 4 миң 785 сомго тете деп эсептелет.
Ушу тапта 715 миңдин тегерегинде пенсионерлер бар.