• Бейшемби 19 Бугу 2022
  • Четверг 19 Май 2022

Кепшн видео: «Жоогазын ыңкылабына» 17 жыл. Мүдөөсүнө жетпей калган революция, акталган Акаев

24 марта 2022 в 17:52 Бишкек Govori.TV
  • «Жоогазын ыңкылабына» 17 жыл толду.
  • 2005-жылы 24-мартта өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган.
  • Бул Кыргызстандын тарыхында бийлик алгачкы ирет элдик толкундоолордун арты менен алмашуусу болду.
  • Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып үлгүргөн.
  • Ал эми борбордо талап-тоноочулук орун алып, бир канча ишкерлердин бизнеси талкаланган.
  • Ыңкылаптан соң бийликке Курманбек Бакиев келди.
  • Эски бийликтин катасын кайталаган Бакиев 2010-жылы тактан күч менен кулатылды.
  • Элдик толкундоонун арты менен кыргыз бийлиги 2020-жылы кайрадан алмашты.
  • Ал эми жаңы келген бийлик 16 жыл мурун өлкөдөн качып кеткен Акаевдин келүүсүнө жол ачты.
  • Акаев эми өлкөгө ээн-эркин кирип чыга алат…
  • Акаевдин жоопко тартылбай эле акталып калуусу бир катар нааразычылык жаратты.
Количество просмотров: 1403