• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кирешеси күнүнө 2 млн. сомдон ашык болгон». УКМК мөөнөтү өткөн товарларды сактоо жана сатуу фактысын аныктады

1 Тогуздун айы 2021 16:59 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө,
республиканын түштүк аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды өзгөчө чоң көлөмдө
сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган боюнча, мөөнөтү өтүп кеткен ар кандай азык-түлүк товарлар «R.G.
Company» ЖЧК жана «М.И. Компани» ЖЧК таандык экени аныкталды. Мөөнөтү өтүп
кеткен азыктар Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, ошондой эле
Бишкектен келип турган.

2021-жылынын 30-сентябрында кампанын имараттарын тинтүү учурунда,
жарактуулук мөөнөтү узартылган көптөгөн продуктуларды сактоо фактысы (балдар
тамак-ашы, конфеттер, печенье, торттор, сүт азыктары ж.б.) аныкталган.
Мындан сырткары, мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын мөөнөтүн атайын химиялык
каражаттар менен узартып турушкан.

Белгилей кетсек, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды алгандан кийин бул
компаниялардын кызматкерлери мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир
текшерүүлөр болуп калса, товарларды жокко чыгаруу жасалма кабыл алуу жана берүү
актысын түзүшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз
ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Количество просмотров: 880