• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Киши колдуу болгон жаш жигиттин апасы Орусиянын тергөө комитетине кайрылды

13 Чын куран 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

Москва облусунун Подмосковье аймагында киши колдуу болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун апасы Махабат Жанышева Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Ал уулунун өлүмүн кылдат иликтөөнү суранууда.

Жанышева орусиялык тергөөчүлөр Анвар өлтүрүлгөн учурда анын жанында болуп токмок жеген Раатбек аттуу тууганынан арыз алуудан баш тартканын, бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрбөй жатканын айтты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлаган.

Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген эмес, окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү «Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгогонун кабарлаган.

Количество просмотров: 148