• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Клара Сооронкулова: “Мамлекет экс-президенттерге макам берген, үй-бүлөсү менен кошо камсыздоого алган, бирок, кол тийбестиги жок”

31 Бугу 2018 17:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.05. 2018. Govori.TV

Экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда жок. Андыктан, азыркы мыйзам аракеттеги Конституцияга дал келбейт. Бул тууралуу Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Ал белгилегендей, кол тийбестик макамы ээлеп турган кызмат абалына жана ыйгарым укуктарына байланыштуу берилет.

“Экс-президент эч кандай кызмат орун ээлебейт, функцияларды аткарбайт. Катардагы жаран. Эмнеге анын кол тийбестиги болуш керек? Демократиялык-укуктук мамлекеттерде экс-президенттердин кол тийбестиги жок. Мамлекет алардын кызматын урматтап, “экс-президент” макамын берген жана аны, анын үй-бүлөсүн камсыздоо милдетин алган. Биз деле ошол жол менен барганыбыз туура”, — дейт К.Сооронкулова.

 

Количество просмотров: 42