• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

28 Аяк оона 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 1-4-октябрында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-3-октябрь күндөрү күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 5…10 градус, Талас өрөөнүндө 4…9 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-5-октябрь күндөрү түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Количество просмотров: 9536