• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ӨКМ айдоочуларга эскертүү берди

7 Чын куран 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык, 7-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек – Ош унаа жолунун:

— 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;

— 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;

— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

«Урматтуу айдоочулар! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ал эми кырсык катталган учурда 112 кызматына чалууну унутпаңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 110