Бүгүн, республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.