ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар тууралуу билдирүү таратты
ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар тууралуу билдирүү таратты
16 Бирдин айы 2023 9:10 Бишкек Govori.TV
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат берди.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 16-февралдан 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түрүү коркунучу жогору болот.
Алсак:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакымында (Төө-Ашуу ашуусу);
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымы (Кара-Гөө ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14 жана Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179-чакырымы (Талдык ашуусу) Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.