Кыргызстанда интернет байланышы өчүрүлбөйт. Мындай багытта тарап жаткан маалыматтар жалган.Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта түшкү онлайн маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөр аркылуу 23-марттан тарта 12-апрелге чейин Кыргызстанда интернет байланышы өчүрүлөт деген маалымат тараган. Бүгүндөн тарта Кыргызстандын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Коронавирус боюнча өлкөдө жаңы учур катталган жок. Жалпы 14 бейтап бар.