• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөт онкологиялык оорулары бар адамдар үчүн 160 млн сом бөлдү

16 Чын куран 2020 16:50 Бишкек Govori.TV

Өкмөт онкологиялык оорулары бар адамдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 160 млн сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка караганда, каражаттын ичинен 100 млн сом чоң адамдар үчүн жана 60 млн сом балдарга берилет.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө залалдуу шишиктерге каршы төмөнкү дары-дармектер бар:

  • Циклофосфан;
  • Аспарагиназа;
  • Ритуксимаб;
  • Карбоплатин;
  • Иринотекан;
  • Этопозид;
  • Цисплатин;
  • Филграстим;
  • Меркаптопурин;
  • Винкристин.

Ошондой эле коштоочу терапия үчүн дары-дармек каражаттар жана медициналык багыттагы буюм-тайымдар бар.

Ифосфамид, дактиномицин, даунорубицин Жогорку технологиялар фонду аркылуу сатылып алынган, тендер 2019-жылдын декабрында өткөн. Чек аралар жабылгандыктан дары-дармектерди алып келүү кечиктирилүүдө. Метотрексат, циторабин, адриабластин, урометоксан препараттарына билдирмелер боюнча фармкомпаниялардан сунуштар келген эмес.

Балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу УОГБдун жетекчилиги, эгерде дары-дармектер бар болсо же препараттарды (метотрексат, циторабин, адриабластин, ифосфамид, урометоксан, дактиномицин, даунорубицин) кыска мөөнөттө алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралса, түз келишим түзүү жолу менен сатып алууга көмөк көрсөтүү боюнча бардык фармкомпанияларга кайрылат.

Количество просмотров: 67