• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөтү өз убагында кенемте албай калган медиктер үчүн бюджеттен 200 млн сом бөлөт

23 Чын куран 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз өкмөтү өз убагында кенемте албай калган медиктер үчүн бюджеттен 200 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов фейсбуктагы баракчасынан түз эфирде билдирди.

Ал белгилегендей, компенсация албай калган медицина кызматкерлеринин маселеси чечилет.

“Биз республикалык бюджеттен 200 млн сом бөлүү тууралуу документ даярдап жатабыз. Кенемте албай калган медиктер кайрадан документтерин чогултуп комиссияга тапшырышы зарыл”, — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, премьер 1-июлдан тарта медицина кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлө тургандыгын эске салды.

Эскерте кестек, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышкан. Алар пандемия маалында медкызматкерлер күнү-түнү иштегенин айтып, кенемте төлөнбөй жатканын билдиришкен. Ошол эле күнү кечинде медиктерди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кабыл алган.

Количество просмотров: 142