• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти

14 Жалган куран 2024 9:31 Бишкек Govori.TV

14-марттан 16-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түштүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;

-Суусамыр — Талас —Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымында;

— Бишкек —Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;

— Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси;

— Суусамыр — Арал унаа жолунун 8-21-чакырымдары;

— Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон —Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Теги:
Количество просмотров: 58