• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

6 Жалган куран 2022 9:35 Бишкек Govori.TV

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-марттан 9-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында;

Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;

Каракол-Эңилчек унаа 45-48, 65-90-чакырымдарында;

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);

Казарман-Актаа-Чат унаа жолунун 60-94- чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу).

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Количество просмотров: 167