• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды

12 Жетинин айы 2020 12:40 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев коррупцияга шектелип кармалганы айтылды.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык ыкчам тергөө тобу жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан радио жыштыкты сатуу жана сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү жана аларды пайдалануу үчүн лицензияны кайра каттоо боюнча коррупция фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө.

2020-жылдын 11-ноябрында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы «К.С.А» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 86