Ысык-Көлдө куткаруучулар дайынсыз жоголгон 22 жаштагы жаранды издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 102 кызматына 24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде Т.Э. аттуу жигитке таандык буюмдар табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу, 19 суучул, 5 милиция кызматкери тартылган. Азырынча издөө иштеринен натыйжа жок.