• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМге тик учак алынды

16 Тогуздун айы 202311:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кесиптеши В.Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.

«Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, 2 жамбашында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат»,-деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга 12-октябрь күнү расмий сапар менен келип, 13-октябрда КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышкан.

Теги:
Количество просмотров: 88