• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кочкордо каза болгон келиндин өлүмүнө шектелип жолдошу кармалды

27 Үчтүн айы 2021 14:30 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районундагы Тынай-Булак кыштоосунда 23-январда сөөгү табылган келинди өлтүрүүгө шек саналып, анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы кабарлады.

Кармалган киши Нарын шаарына суракка алуу үчүн жеткирилди. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки тергөө башталды.

Количество просмотров: 675