• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Аварияга кабылгандарга жардам берем деп, өзүн унаа тебелеп кетти. Кочкордо жол кырсыгынан 2 адам көз жумду

15 Баш оона 2018 11:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.

Нарын облусунун Кочкор районунда 2 адамдын өмүрүн алган 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Калыс Өмүрзаков кабарлады.

Анын айтымында 14-август күнү болжол менен саат 15:00терде Кочкор районунун Бишкек-Торугарт унаа жолунда бара жаткан Ауди үлгүсүндөгү унаа комбайнды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге Вольксваген Пассат үлгүсүндөгү авто унаа токтоп, ичиндеги жарандар кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жатышкан.

Ал учурда Мерседес Бенц унаасы келип Аудини жана жардам көрсөтүп жаткан адамдардын бирин сүзгөн. Натыйжада жардам көрсөтүп жаткан адам жана Аудинин ичиндеги 1 жүргүнчү каза болгон. Ал эми жабыр тарткан 2 адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилди.

Количество просмотров: 28