• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча комиссияга Кодуранова менен Карамушкинаны кайрадан чакырышты

20 Аяк оона 2019 12:13 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кийинки жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны кайрадан чакырышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

19-сентябрда комиссия кезектеги жыйынын өткөрүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрөгасы Абдил Сегизбаев менен президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиевдин маалыматын угушту. Мындан сырткары 7-8-августтагы окуялар боюнча ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиев жана Памир Асанов маалымат беришкен. Жогорку Кеңештин депутаттары Карамушкина менен Кодуранова жыйынга келген эмес. Комиссиянын отурумунда Кодуранова комиссия менен иштешүүдөн баш тартканы айтылган. Эл өкүлү муну «Азаттыкка» ырастап, кийинки жыйынга деле ушундай жооп бере турганын билдирди. Ал өз чечимин комиссиянын курамында кызыкчылыктар кагылышы бар адамдардын болгону, ошондуктан андагы окуяларды айтып берүүдөн майнап чыкпай турганы менен түшүндүрүп жатат.

Комиссиянын кийинки отуруму 23-сентябрда болот. Бул күнү депутаттардан сырткары Аскер прокуратурасынын маалыматы угулат.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. 

Количество просмотров: 89