• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы: Сотто Атамбаевдин абалы начарлады

23 Жалган куран 2020 15:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук угуу өтүп, кийинки отурум 30-мартка белгиленди. Буга мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап кеткени себеп болгон. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева жазды.

«Алмазбек Шаршеновичтин абалы түштөн кийинки отурумда начарлап, кан басымы түшүп кетти. Муну аны коштоп келген УКМКнын дарыгерлери ырастады»,-деп жазды Жолдубаева.

Кошумчалай кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.
Ал эми Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Эске салсак, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. 

Количество просмотров: 1175