• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коомчулукту серпилткен селфи

23 Тогуздун айы 2018 16:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018.Govori.TV
 Учакта учуп баратып, Нариман Тюлеев менен Алмазбек Атамбаевдин биргеликте түшкөн селфи сүрөтү хит болуп,аларды талкуулабаган эч нерсе калган жок.
Коомчулук социалдык тармактарда өз пикирлерин билдирип, комментарий калтырып, сүрөттү бөлүшкөндөр токтой элек.
Биз колдонуучулардын бул сүрөткө болгон ой-пикирлерин өзгөртүүсүз беребиз.
Адил Турдукулов: «Атамбаев бул силфиде утканы көрүнүп турат. Бул сиздин чоң каталыгыңыз»
Беккулу Карбекович: «Эми ажатканага жалгыз барбайсызбы ошондо?»
Айдар Солто: «Атып салам дедиңиз эле жаңылбасам. Сасык саясат эмнени гана кылбайт»
Эсен Усенов: «АШАга каршы автомат менен чыгам деген бирөө. Көрсө селфи менен чыгам деген турбайбы. Биротоло дуэт ырдап койгула хит болот»
Залкар Абу Мухаммад: «Тюлеевдин сөздөрү лапша,чынчыл адам айтылган сөзүнө турат,  а Тюлеев тура албай койду. Өкүнүчтүү сыйлап жүрдүм эле»
Жакутбек Эшенкулов: «Атамбайдын нарындыктар малсыңар деген сөзү сага тиешелүү экен. Нариман ажатканага бирге барбайм деп анан кичине күлүп койсо шыйпаңдапсың. Чөп берсе аркасынан жүрө бергидей экенсиң».
Эскерте кетсек, 22-октябрда Нариман Тюлеев өзүнүн Facbook баракчасына экс президент Алмазбек Атамбаев менен  бирге күлүп, жанаша түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Бул жарыяланган сүрөт көпчүлүк окурмандардын кыжырдануусун жараткан эле. Себеби, Тюлеев Атамбаев менен бир учакта учмак тургай, ажатканага дагы чогуу кирбей турганын жар салган. Коомчулуктун терс реакциясынан кийин Тюлеев хит болуп жаткан селфи жөнүндө үн катып,оюн төмөнкүчө билдирген.
“Биринчи аны (Атамбаев) көргөндө корс аракет жасадым, өзүмдү кармай алган жокмун. Бирок, кийин ал келип, колун берип, кандай болгон күндө да  улууларды урматтоо керек деген тарбияны алгамын мен дагы колумду бердим. Атамбаев “сүйлөшөлү” деди. Биз 3,5 сааттай сүйлөштүк. Мен анын жүргүзгөн саясаты тууралуу билдирдим.
 Селфини түшүп койдук. Бирок, кайдан билдиңер биз эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү?
Кийинчерээк эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү толук айтып берем”- деп жазып чыккан.

 

 

Количество просмотров: 26