• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коомдук биринчи каналдын директору Илим Карыпбеков “Белизгейт үчүн кызматтан кетпейм” деген оюн айткан

21 Аяк оона 2018 15:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.09.2018.Govori.TV.
 КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун Белизгейт үчүн кызматтан кетүү ниети жок. Бул тууралуу айрым маалымат булактарына билдирген.
Анын айтымында, «УКМК тарабынан таратылган Белизгейт тууралуу маалымат такталса, кызматтан кетем деп эч качан айткан эмесмин»,-деген.
Буга чейин Эдил Байсалов Twitter баракчасына КТРКнын жетекчисине эгер далилденбесе кызматтан кетем деп убада бергенин кыйытып өттү.

Ал эми Илим Карыпбеков болсо телеканалдын эфиринин маани-мазмуну үчүн жооп бере тургандыгын айтып, кызматтан кетем деген эмесмин дейт. Ошондой эле «Мен мыйзамдуу түрдө өз мөөнөтүм менен кетем», — деп кошумчалады Карыпбеков.
Количество просмотров: 22