• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Коопсуз шаарды» саясатка айланткан аткаминерлер

8 Тогуздун айы 2018 19:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV.
“Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашуусу кооптуу болуп калды өңдөнөт. Аны ишке ашырабыз деп атайы тендер жарыялап, бир эмес кайра-кайра кайталап аукцион өткөрүп жатып жеңүүчү деп “Вега” радио куруу консернин аташкан.
Көп өтпөй долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон “Вега” компаниясынын жеңиши реалдуу болбой калганын жана конкурстун жүрүшүнө жогору жактан кысым болгонун «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясы жарыялап, аталган долбоорду ишке ашырууга “Веганын” тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышкан.
Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия «Веганын» үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп таап, тийиштүү чечим 3 күндүн аралыгында белгилүү болоору айтылды.
“Коопсуз шаарды” саясатка айлантып ары бери калчаган аткаминерлердин чындыгында эле бул долбоордун ишке ашпай жатканына тиешеси барбы? Бул маселе азырынча бир гана утулган тараптын айтып чыкканы менен гана негизделүүдө. Ал эми бул туурасында биздин тийиштүу министрликтер эч кандай маалыматтары жок экендиги менен жооп кайтарышты.

Количество просмотров: 31