• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кор болгон карыя

25 Тогуздун айы 2018 15:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.10.2018.Govori.TV

78 жаштагы 6 баланын атасы Жанузак Дүйшөбаев карылар үйүнө барууга аргасыз болууда. Бул тууралуу «Турмуш» сайты маалымат таратты.

Карыя буга чейин мүрзөлөрдө өмүр кечирип келген. Бирок, суук түшүп калганына байланыштуу  баш калкалоого жылуу жай издеп, жергиликтүү тургундардын үйүнө түнөп туруу үчүн кайрылган.

Анын кемпири төрөттөн улам каза болгондон кийин, чоң кызынын үйүндө жашап турган. Бирок, кийин кызы турмуш шартынын оордугуна байланыштуу Москва шаарына көчүп кеткен. Ал эми абышка келининин заар тилине чыдабай, тынч жашоо үчүн үйүнөн чыгып кеткен. Келини кордук көрсөтүп, аксакалды үйүнө батырган эмес.

 

 

Количество просмотров: 31