УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого каршы күрөштүн натыйжасында, жалпы аянты 0,58 гектар, баасы 147 млн. сом болгон жер тилкеси аныкталып, мамлекетке кайтарылды.
Мурда козголгон кылмыш ишинин натыйжасында, 2008-жылы Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдары ошол учурдагы мыйзамдык жол-жоболорду бузуу менен, министрликтин балансынан 0,58 га өлчөмүндөгү жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз бергендиги аныкталды. 2008-жылдан 2022-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир нече жолу ар кандай адамдарга, анын ичинде ишканаларга катталган. Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтон түшкөн кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу максатында аталган участок «Б» ЖЧКсына сатылып алынган. Мында бул компаниянын уюштуруучулары К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жактар болуп саналат.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жыйынтыгы боюнча аталган тиешеси бар жактар участокко ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып беришти.
Учурда аталган жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар Коргоо министрлигинин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу максатында, тергөө иштери улантылып жатат.