• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирус: 20 бейтап айыкты

6 Кулжа 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 14, Нарын облусунан 3, Ош облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1360 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 84